Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Кара майдын баасы арзандашы ыктымал


Мунай экспорттогон өлкөлөр уюму кара майдын баасын арзандатууну убада кылды. ОПЕКтин мүчөлөрү Бейруттагы жыйынында мунай өндүрүүнү бир аз көбөйтүп, анын көлөмүн 1-июлдан тартып күнүнө 25,5 миллион баррелге жеткирүүнү макулдашышты. ОПЕКтин президенти, Индонезиянын энергетика боюнча министри Пурномо Юсгианторо – уюмдун мүчөлөрү мунайдын баасы кымбаттап кеткенине катуу тынчсызданып жатканын билдирди:

- Азыркы кырдаал бизди катуу кабатырлантууда, мындан ары мунай рыногун турукташтырып, бааны асмандатпай, кайра калыбына келтирүүгө колдон келген аракеттерди жасамакчыбыз.

Чийки мунайдын бир баррелинин баасы соңку күндөрү 40 доллардан ашып, көп жылдардан берки эң жогорку деңгээлге жеткен. Бааны турукташтырыш үчүн ОПЕКке кирген өлкөлөр 1-августтан тарта күнүнө 26 млн. баррель кара май өндүрүүнү пландаштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG