Кыргызстанга ушул апта башында келген акыйкат башкаруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык эксперттердин миссиясы жума күнү өз ишин аяктады. Апта ичинде алар премьер-министр Николай Танаев, президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков, бардык тартип коргоо органдарынын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшүп, өлкөдөгү коррупциянын абалы жана аны менен күрөшүү боюнча маалымат топтошту.
Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Ежи Скуратовичтин айтымында, эксперттер кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык ЮСАИД, ЕККУ, БУУнун колдоосу менен коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору тууралуу кыргыз бийлигине өз сунуш-пикирлерин айтуу максатында келишти.
Маалымат жыйынында эл аралык эксперттердин Кыргызстанда коррупция менен кантип күрөшүү тууралуу сунуш-пикирлери менен Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын мамлекеттик башкаруу боюнча кеңешчиси Бенжамин Ален тааныштырды:
- Биздин биринчи сунушубуз, Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүү максатында түзүлгөн органдар тууралуу болмокчу. Буга чейин Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү максатында «Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш», анын катчылыгы, «Адилет башкаруу боюнча консултативдик кеңеш» түзүлгөн. Аталган үч мамлекеттик орган бири-биринин ыйгарым укуктарын кайталашат экен. Ошондуктун, биздин биринчи сунушубуз - бул үч органды бириктирип, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир эле комиссия түзүү керек. Ал комиссиянын курамына өз ишин жакшы билген адистерди коомдук башталышта эмес, маяна төлөө менен иштешине шарт түзүү керек. Ал эми комиссиянын курамы аз гана адамдан туруп, мамлекет башчысы тарабынан дайындалып, парламент тарабынан жактырылышы зарыл.
Экинчи сунушубуз, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам кабыл алыш керек. Ал мыйзамга ылайык ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн жана тууган-уруктарынын киреше, мүлкү тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берип турушу абзел.
Кийнки сунушубуз - коомчулукка өз убагында маалымат берүү тууралуу. Тагыраак айтканда, мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн бары коомчулукка ачык айкын болушуна жетишүү зарыл.
Төртүнчү сунуш: коомчулуктун кеңири катмарын өлкөдөгү мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катыштыруу боюнча мыйзам кабыл алуу. Тагыраак айтканда, өлкөдөгү бардык мыйзамдарды кабыл алууга атуулдук коомдун өлкүлдөрүн катыштыруу зарыл.
Бешинчи сунуш, өлкөдөгү соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга байланыштуу. Адегенде бардык судьяларды шайлап, юстиция минстрлигинен сот департаментин өзүнчө болүү керек.
Ал эми мамлекеттик кызматты реформалоо боюнча, биз жогорку мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жалпы элдик шайлоонун негизинде айланышына камсыз кылууга жетишүү керек.
Белгилей кетүүчү нерсе, журналистердин Кыргызстанда бардык жогорку кызмат орундары акчага сатылат жана коррупциянын мындай түрү менен күрөшүү үчүн эмне кылуу керек, деген суроосу жоопсуз калды. Ал эми айрым байкоочулардын жана оппозиция өкүлдөрүнүн пикиринде, жогорудагыдай иш-чаралар менен Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүдөн жыйынтык болбойт. Маселен, оппозиция өкүлдөрүнүн пикирине караганда, Кыргызстандын башмыйзамында эң жогорку бийлик органдарынын ыйгарым укуктары адилеттүү бөлүштүрүлбөй, бийлик бир адамдын колунда топтолгон.
«Ошондуктан келечекте өлкөнүн башкаруу түзүлүшүн өзгөртмөйүнчө, Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү жараянынан эч майнап чыкпай, буга чейинкидей эле курулай ураан бойдон калат» дешет алар. Бул тууралуу «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев мындай дейт:
- Конституциянын жетинчи беренесин түп тамырынан бери өзгөртүш керек. Бийликтин үч бутагы бир жагынанан тең салмактуу, экинчи жагынан бири биринен көз карандысыз болуш керек. Анткени Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык жана иш жүзүндө да, башкасын айтпаганда да, өлкөдөгү кадр тандоо бир адамдын колуна топтолгон. Мындай көрүнүш жоюлмайынча коррупция менен күрөшүү жараянынан жыйынтык болбойт.