Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Чолпонатада пикет өттү


КАРАКОЛ. Чолпоната шаары менен Ысыккөл районундагы Өрнөк айылынын 100гө чукул тургуну бүгүн пикетке чыгышты. Чолпоната олуянын эстелигинин жанына чогулган адамдар Рысбек Акматбаевди куугунтуктоону токтотуу, милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин атып өлтүрүлүшүнө шектүү деп кармалган Эркин Мамбеталиевге, ошондой эле Мирлан Коноевге, Тынчыбек Акматбаевге эркиндик берүү талабы менен чыгышты.

Пикетчилер ички иштер министрлиги тарабынан Эркин Мамбеталиевдин, Мирлан Коноевдин, Тынчыбек Акматбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери негизсиз жана аларды уруп-сабоо мыйзамсыз деген пикирлерин айтышты.

Пикетчилердин суроо-талаптарын Ысыккөл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Роза Кайыкова, райондун прокурору Михаил Мырзабеков, райондук милициянын начальниги Самүдүн Айдаров угушту. Алар киши өлтүрүүгө байланыштуу тергөө иши тууралуу ачык маалымат беришкен жок.

Пикетчилер коюп жаткан суроо-талаптары мыйзам чегинде чечилбесе Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгаарын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG