Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:35

СОТ АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК


Бакыт Аманбаев, Бишкек Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Аксы райондук соту 2002-жылдын 17-18—мартында каза болгондордун ата-энелери менен жакын туугандарынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Соттун мындай чечимине нааразы болгон жабырлануучулар Жалалабат облустук сотуна апелляциялык арыз жолдой тургандыгын билдиришти.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, Аксы окуясында каза болгондордун ата-энелери жана жакын туугандарынын райондук сотко арыз беришине каргашалуу окуядан бери эки жылдан ашуун убакыт өтсө да милиция огунан алты адамдын каза болушуна байланыштуу эмдигиче кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлбөгөндүгү себеп болду:

- Ушул күнгө чейин алты адамдын атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлгөн жок. Бир дагы киши «күнөөлү» деп табылган жок. Болгону «пикет, митинг, жөө жүрүштөргө уруксат бербегендиги үчүн» деп жергиликтүү чиновниктерге иш козголуп, алар да толук акталышты. Ушуга байланыштуу каза болгондордун ата-энелери, кароосуз калган балдары, урук-туугандары граждандык тартипте өкмөттөн материалдык, моралдык зыян үчүн компенсация талап кылышууда.

Жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун маалымытына караганда, каза болгон ар бир адамдын үй-бүлөөсү моралдык зыян үчүн 2 миллион сом, ал эми материалдык зыян үчүн 500 миңден бир миллион сомго чейин өкмөттөн өндүрүп берүүнү талап кылышууда. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, аткаруу бийлиги жабырланган атуулдарга Аксы окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын чечимине жана өлкөнүн Башмыйзамынын он алтынчы беренесине ылайык моралдык жана материалдык зыян үчүн акча төлөп бериши керек:

- Президент өзү түзгөн, бийлик бутактарынын бардык өкүлдөрүнөн турган мамлекеттик комиссия Аксы окуясын иликтеп, адам өлүмүнө өлкөнүн мамлекеттик айрым кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери себеп болгон деген бүтүм чыгарган. Мындан сырткары өлкөнүн Башмыйзамынын он алтынчы беренесинин төртүнчү пунктунда «эгерде мамлекеттик органдын кызматкерлери адамга зыян келтирсе, ар бир адам аны мамлекеттин эсебинен өндүрүп алууга укугу бар" деп жазылган.

Аксы райондук соту жабырлануучулардын арызын эки күн бою карап, шейшемби күнү алардын талабын канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарды. Ушул эле күнү райондук соттун төрагасы Алтымыш Маткасымов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал соттун чечими беш күндөн кийин коомчулукка ачык жарыялана тургандыгын билдирди.

Ал эми жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков болсо райондук соттун чечимине нааразы экендигин айтып, жакынкы күндөрү областтык сотко апелляциялык сотко арыз жолдой тургандыгын билдирди.

Эске сала кетүүчү нерсе, Аксы окуясы боюнча аткаруу бийлигинин областтык жана райондук деңгээлдеги жети өкүлү 2002-жылдын 28-декабрында Ош горнизондук соту тарабынан «Митинг, пикет өткөрүүгө жолтоо болгон» деген айып менен соттолушуп, 2003-жылдын 16-майында аскердик сот тарабынан толук акталышкан. Аскердик соттун мындай чечимине нааразы болгон жабырлануучулардын арызын Жогорку сот 2004-жылдын 9-апрелинде карап, Аскердик соттун чечимин күчүндө калтырган.

XS
SM
MD
LG