Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

БОРИС ПОЛУЭКТОВ: ««АЛ-КАИДА» ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫН ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫ «ХИЗБ УТ-ТАХРИРДИ» ПАЙДАЛАНУУГА АРАКЕТ ЖАСАП ЖАТАТ»


Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов «Ал-Каида» жана Өзбекстандын ислам кыймылы уюмдары «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрүн террордук иштерге пайдаланууга аракет жасап жатат деп билдирди. Полуэтовдун айтымында, буга чейин Кыргызстандын аймагында бир нече ирет террордук актылар жасалды жана ошондуктан, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан күчтөр бар.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктовдун айтымында, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан бир катар эларалык уюмдар бар. «Алардын айрымдары Кыргызстанда өз бөлүмдөрүн ачууга үлүгүрүшкөн экен, биз алардын бетин ачтык», деди Полуэктов:

- Коркунучтар бар. Биз Өзбекстан ислам кыймылынын жана Уйгурстан ислам кыймылынын бөлүмдөрүн аныктап, таптык. Бул уюмдардын максат-милдеттерин жакшы билесиздер. Буга байланыштуу кылмыш иштери козголгон. Тилекке каршы, алар өлкөбүздө террордук актыларды жасашты. «Дордойдо», Ошто жардырууларды ишке ашырышты. Мунун баары – эларалык террордук уюмдардын жасаган иштери.

Полуэктовдун айтымында, эларалык террордук уюмдар эми Кыргызстандын аймагында «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрү менен кызматташууга аракет жасап жатышат:

- «Ал-Каида» жана Өзбекстандын ислам кыймылы өз иштерине эми «Хизб ут-Тахрирди» аралаштыруу максатын көздөп жатат, - деди Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов.

Соңку жылдарда кыргыз бийлиги «Хизб ут-Тахрир» партиясына каршы катаал күрөш баштады. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 1999-, жана 2003-жылдар аралыгында диний кастыкты козутту, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирди делип 347 факты катталган. Алардын негизинде 257 кылмыш иши козголуп, 358 адам жоопко тартылган. Сот тарабынан жазаланган ал адамдардын дээрлик көпчүлүгү «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бийлик жакырчылыктан жадаган элдин көңүлүн алагды кылуу максатында өзүнө душман ойлоп тапты, «хизбутчулар» ошол жасалма жоонун милдетин аткарып жатат деп, адам укуктарынын бузулуп жатканын айтат:

- Конституция баракча таратууга, өз пикирин айтууга укук берет. Же Конституцияны өзгөртүш керек андай болсо. Хизб ут-Тахрир» партиясын душман деп эсептөө - бул элди алаксытуу. Андан көрө башка душман издешпейби! Мына - Кыргызстандагы коррупциядан чет өлкөлүктөр качып жатат. Ошол коррупция менен күрөшпөйбү!

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун мындай пикирине Борис Полуэктов макул эмес. Анын айтымында, бир караганда боёо, жазыксыз иш кылып, баракча таратуу менен эле чектелип жаткансыган «хизбутчулар» азыр элдин эң жакыр катмарынын ичи-койнуна кирип, акылын алып жатат. «Кези келгенде алар ачыкка чыгат, ошондо бармагыбызды барса тиштейбиз!» дейт Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары:

- Жетиштүү мүчө топтогондон кийин алар кызыкты көрсөтүшөт, ошондо биз аларга алыбыз келбей калат. Силер да катуу өкүнөсүңөр. Алар азыр демократиянын тонун жамынып, динди эркин жайылтып жаткандай туюлат. Бирок алардын максаты таптакыр башка да. Кудайга ырахмат, сот жакында алардын ишин мыйзамсыз деп тааныды.

Борис Полуэктовдун маалыматына караганда, «хизбутчулар»мурда баракчаларын кыргыз, өзбек тилдеринде гана таратышса, эми орусча жайылта башташты. Ал өлкөдө мыйзамдар өтө эле жумшак, ошондуктан жазаны күчөтүү керек дейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхах Масалиев чындыгында эле «Хизб ут-Тахрирден» коркунуч бар дейт. Бирок Масалиев коопсуздуту сактоо үчүн мыйзамдарда кемчилик көп дегенге кошулбайт:

- Менин оюмча, «Хизб ут-Тахрирден» коркунуч сөзсүз бар. Динге минтип элдин көп берилип жатканына эки себепти көрүп турам. Биринчиден, бул – жашоонун оордугу, жаман турмуш. Экинчиден, араптар мечиттерди көп куруп жатат. Алардын деле өз максаттары бар да. Өз ой-максаттарын биздин элге таратыш керек. «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» деген ушул. Чегарабыз ачык. Каалаган киши кирет, каалаганы чыгат. Ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун коргош керек да. Ал үчүн чектөөлөр, тартип сөзсүз болуш керек.

XS
SM
MD
LG