БИШКЕК. Бүгүн түштөн кийин президент Аскар Акаев Москвага жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин айтымында, ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен, бир катар мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн кетти жана анын сапары эки күнгө созулат.