Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

ЮКОСтогу абалды жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүүдө


Москва. Орусиянын ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский концерндин салык маселелерин чечүү максатында ага караштуу акцияларын башка компанияга сатууга же өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул жөнүндө Британиянын “Файненшл таймс” гезити жазып чыкты. Ходорковскийге ЮКОС компаниясындагы акциялардын 44 пайызы таандык. Гезиттеги маалыматтарга караганда, ЮКОСтун мындай сунуштары Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадковго жана каржы министри Алексей Кудринге жолдонду. Компаниянын банкттардагы эсептерине акыркы жылдары салык төлөбөгөндүгү үчүн камоол салынган.

XS
SM
MD
LG