“Азаттыктын” Багдаддагы кабарчысы Валентинас Мите өткөөл өкмөттүн жаңы парманы калк арасында кандай таасир калтырганын билмекке ирактыктардын пикирлерин сурамжылап көрдү эле, көпчүлүгү бул чараларды колдой турганын айтышты. Багдаддык инженер Валид Хассен коопсуздукту камсыз кылууга арналган ар кандай ишти караламан калк кош колдоп колдой турганын айтып, анткени азыр ирактыктарга иш жүзүндө коопсуздуктан башка эч нерсе керек болбой калганын ырастады.
Өткөн аптада бекитилип, күчүнө кирген директивада бийлик органдарына зарылдыгы чыкканда чукул кырдаал, атүгүл аскери абал жарыялап, коменданттык режим киргизгенге, коомдук-массалык иш чараларга тыюу салганга, компютер жана телефон байланыштарына көзөмөл кылганга, керек болсо чет элдиктердин кыймыл-аракетин чектегенге чейин укуктар берилди. Адвокаттар бирикмесинин президенти Тиаа ас-Саади (Thea'aa al-Sadi) азыркыдай кыйын кезең кырдаалда өкмөткө ушундай өзгөчө укуктар зарыл экенин белгиледи.Ошол эле учурда жаңы парман премьер-министр Ийад Алавиге абсолюттук бийлик да бербейт, деп кошумчалады ал. Ошондуктан кабинетти айрым калпыс кадамдардан сактандыруу да зарыл экени кадиксиз. Өзгөчө коомдук бирикмелердин иштерине келгенде этиет болуу керек, анткени жаңы Ирактын шартында алар негизги озуйпаларды аткарууга тийиш. Ушул жүйөөдөн алганда жаңы мыйзам биртке чочулатып жатат, деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына. Анын үстүнө ар кандай өкмөт адатта адам укуктары чөйрөсүндө коомчулук менен көбүрөөк тил табыша албай калат.
Багдаддын башка бир тургуну, компютер инженери Саад да айрым жагдайларга кооптонуп жатканын моюнга алды. Ийад Алавиге берилген бийликтин баары эл аралык эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылышы шарт, болбосо ирак коому кайрадан эле жеке бир адамдын амирине табынган тажрыйбага түшүп кетиши ажеп эмес, деп айтты ал.
Бийлик өкүлдөрү болсо жаңы мыйзамдын күчү баарыдан мурда козголоңчулар менен ар кошкон экстремисттик күчтөрдүн таасирин ооздуктоого жумшалат деп ишендиришүүдө. Өзгөчө барымта кризисин чечүүдө өкмөт жаңы чараларга чоң үмүт артып жатат.
Мындан эки күн мурда террорчулар Ирактагы болгариялык бир менчик фирманын эки айдоочусун кармап кетишип, аларды өлтүрөбүз деп билдиришти. Шарт катары террорчулар түрмөдө жаткан бир нече кишисин бошотууну талап кылышууда. Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси болгарлар жалпы араптардын, анын ичинде ирактыктардын да досу экенин, Иракка алар бар болгону бул өлкөнү кайра тикелөө ишинде жардамдашканы келгенин айтып,эч кандай жазыгы жок эки шоферду туткундан бошотууга чакырды.
Экстремисттер мунун алдында пакистандык бир кишини койо беришти. Исламабадга келген соң ал туткунда жатып көргөн-билгенин, анын ичинде террорчулар чет элдик бир нече кишини мууздап салышканын өз көзү менен көргөнүн айтып берди. Ал эми бир нече күн дайыны чыкпай кеткен америкалык деңизчи-жоокер болсо Ливандан табылып, кечээ АКШнын Германиядагы аскер базасына жеткирилди. Бир аз дарыланып, тыңып алган соң ал да өз башынан өткөргөн мүшкүлүн ачык айтып бергени жатат.