Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

ЮКОС ИШИН ИЛИКТӨӨ АКЫРЫНА ЧЫККАНЫ КАЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбү күнү Москванын Мещан соту Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин ишин кароону улантты. Аларга алдамчылык кылган, салык төлөөдөн качкан жана укук бузган деген күнөө коюлуда. Ходорковский менен Лебедев аны мойнуна албай, четке кагып жатат. ЮКОСтун жетекчилиги мурунку күнү эгерде орусиялык бийлик компаниянын кошумча салыгын төгүүдө аны үч жылга узартса анда ЮКОС кийинки жылдар үчүн дагы 8 миллиарддан ашуун доллар төгүп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Кийинки учурда коомчулук оозунда “Путин "ЮКОСтун банкрот болушуна бийлик кызыктар эмес" деди эле, бирок азыркы тушта компания чын эле банкрот болуп калды. Бул эмне, президенттин эки жүздүүлүгүбү же муну анын артында дагы башка бир күч барбы?”, деген күбүр-шыбыр кеп көп айтылчу болду.

Буга жоопту Карнеги борборунун Москвадагы борборунан Маша Липман айтат:

- Ал учурда Путинге маалымат жеткиргендер ЮКОСту буга окшотуп кыйратуу максатка ылайык эмес деп эсептегендир. Андан бери ал кишилер өз кызыкчылыгынан улам башка сунуштарды жеткире баштагандыр.

Анализчилер бул иштин артында саясий дымак жатат деп айтышууда. Вашингтондук коргонуу маалымат борборунун директору Николай Злобин ЮКОС компаниясынын жетекчиси Ходорковскийге анын байлыгы эркиндик алып келген, ошондон улам ал Кремлдин кебин укпай коюшу мүмкүн эле дейт:

- Анын ошол көзкарандысыздыгы, бийлик менен болгон кармашына негизги себеп болду деп ойлойм.

Орусиялык ИНДЕМ корунун президенти Георгий Сатаровдун пикири боюнча ЮКОСтун тегерегиндеги кармаш:

- Бул - паракорчулук же кылмыштуулук менен күрөш эмес, бул - жеке менчик байлык талашуу үчүн күрөш. Саясий бийликтин байлык ээлерине таасир кщрсөтүү үчүн күрөшү, дейт.

Ошондуктан бийлик менен мунай компаниясы жең ичинен быгышып, бир пикирге келип туруп гана азыркы жаңжалын чече алышат дешүүдө.

Мына ушундай абалда Москвада дүйшөмбү күнү Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин үстүнөн бир жыл чамасы уланып келе жаткан сот иши кайра ачылды.

Кызык жери, дал ушул күнү ЮКОСтун Москвадагы бөлүгүнө вице-президент болуп буга дейре соода жана экономика министрине орун басар болуп иштеген Мухамед Циканов дайындалды. “Коммерсант” басылмасы мындай көрүнүштү “ЮКОСтун жетекчилиги уруксат берип, ал орунду мамалекеттик түзүлүшкө бериши – бул Михаил Ходорковскийдин Кремль мунай компаниясын башкарууну колуна алсын деген сунушун мамлекеттин кабыл алышы”, деп чечмеледи.

Дагы бир булактан келген маалыматка караганда, ЮКОС 2000-жылдан 2003-жылдарга чейинки салыктары үчүн 8 миллиард доллар төгүүгө даяр. Бирок ал үчүн бийлик компанияга үч жыл мөөнөт бериши керек.

XS
SM
MD
LG