Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ичкелте күчөп баратат


БИШКЕК. Кыргызстанда ичкелте дарты күч алып баратат. Мындай маалыматты бүгүн республикалык санитардык эпидемилогиялык станция таратты. Ал маалыматка караганда, ичкелте дарты күчөдү деген май айынан бери 124 адам ооруканага жаткырылып, анын 64ү дартка чын эле чалдыкканы аныкталган. Оорулуулардын 81и Баткен районунун Кызылбел деген айылынын тургундары. Бул айылда ичкелте менен ооруган адам күнүгө катталууда. Санэпидстанциянын билдирүүсү боюнча, буга Баткен шаарына жакын жерде иче турган суунун таза эместиги жана элдин арыктагы сууну ичкендиги башкы себеп болду. Ушундан улам ал жердегши 6 миң адамга дары таратылып, жайды жууп-тазалоочу миң килограмм каражат таркатылды. Акыркы үч жыл ичинде ичкелте менен ооругандардын 40 процентин Баткен районунда жашагандар түзгөн.

XS
SM
MD
LG