Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:24

Москвада Түштүк Осетиядагы кризис боюнча сүйлөшүү өтүп жатат


Грузиянын бийликтери мындан эки күн мурда Түштүк Осетияда кармалган Орусиялык гуманитардык кербен бошотула турганын жарыялашты. Тбилисинин мындай чечимин грузин президентинин Шида Картли регионундагы өкүлү Михаил Карели билдирди. Түштүк Осетиядагы айылдарга ун ташып бараткан Орусиялык тогуз жүк ташуучу машине шейшембиде грузин полициясы тарабынан камакка алынган. Аларды бошотуу чечими – Москвада Орусия, Грузия, Түндүк жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрү сепаратисттик Түштүк Осетиянын тегерегиндеги кризисти талкуулап жаткан маалда кабарланды.

XS
SM
MD
LG