Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Уулуу калдыктар зыянсыздандырылат


БИШКЕК. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда «Күтүүсүз кырдаалдарды эскертүү» долбооруна 6 миллион 900 миң доллар грант бөлөт. Ал боюнча макулдашууга 23-июлда каржы министрлигинде Кыргыз өлкөсү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы кол коет. Жалпысынан долбоорду аткарууга 11 миллион 761 миң доллар чектелген. Анын ичинен 7 миллионго жакынын Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлсө, 2 миллиондоюн япон өкмөтү, калган каражатты кыргыз өкмөтү тапмакчы. Бөлүнгөн каражат Майлуусуудагы уулуу калдыктарды коопсуздандыруу ишине жумшалат.

XS
SM
MD
LG