Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

АЗЕРБАЙЖАН МИНИСТРИ АКШда ОЙ БӨЛҮШТҮ


Чолпон Орозобекова, Прага Азербайжандын Тышкы иштер министри Элмар Мамадияров АКШнын мамлекеттик катчысынын чакыруусу менен Америкада жүрөт. Бул анын министр болуп шайлангандан кийинки АКШга биринчи сапары. Элмар Мамадияров Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунда шейшембиде өлкөдөгү саясий жараян тууралуу сөз сүйлөдү.

Министрдин пикиринде, Азербайжан өңдүү жарды өлкөдө демократиялык жактан күчтүү мамлекетти куруш абдан татаал. Бирок анын айтымында азери бийлиги бир жерде токтоп калган жок:

- Бул деген саясий жараян жүрүп атат дегендик, биз жолдо баратабыз. Биз токтоп калган жокпуз.

Элмар Мамадияров Италиядагы элчилик мөөнөтү аяктагандан кийин Илхам Алиевдин өкмөтүнө ушул жылдын апрель айында мүчө болгон. Министр болгондон кийин ал Азербайжандын экономикалык абалын чыңдоонун бирден бир ишенимдүү кадамы катары энергетика тармагын күчтөнтүү демилгеси менен чыккан.

Тышкы иштер министри өлкөнүн мунайзат жана жаратылыш газы коромжу болуп атканына тынчсызданат. Азербайжандын мамлекеттик мунайзат кору Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр 2002 - жылы сунуш кылган “Өндүрүштөгү айкындуулук демилгесин” ээрчиши керек деп санайт. Бирок Мамадияров мырза жаратылыш газ боюнча Европа мамлекеттери жана коңшулар менен түзүлгөн контракттар жөнүндө көңүлү ток:

- Бул келишим Азербайжандын өнүгүшү үчүн гана маанилүү эмес. Ал бүтүндөй аймакка пайдалуу болмокчу, себеби, анын аркасында Борбор Азия өлкөлөрүнө да Европа базарына жол ачылат.

Кавказдагы бул өлкө оппозициячыл күчтөрдү басмырлаганы үчүн жана бурмоолор менен коштолду деп шектелген былтыркы президенттик шайлоодо Гейдар Алиевдин баласы Илхам Алиев бийликти колго алгандан кийин эл аралык коомчулукта сынга алынып келет.

Америкада сүйлөгөн сөзунда Азербайжан министри өз өлкөсүнүн коңшу Армения менен болгон мамилесине да токтолду. Бул эки өлкө көп жылдардан бери жергиликтүү калкы армяндар болгон, бирок ырасмий түрдө Азербайжандын аймагына кирген Тоолуу Карабак анклавы тууралуу талашка чекит коюлбай келет. Жыйынга катышкандардын бири “эмне үчүн азери басма сөзү Арменияны айоосуз сынга алууда?” деген суроо узатты эле, азери министри мындайча жообун узатты:

- Эгерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына ылайык сын айтууну бууп салсак, анда өлкөдөгү демократиялык жараянды токтоткон болобуз. Демократиялык процессти токтотуп, багытты өзгөртүү Азербайжанга мүнөздүү эмес.

Мамадияров мырзанын оюнча, азери гезиттери башка өлкөнү сындаганга укуктуу.

Байкоочулардын баамында, Азербайжан бийлиги сөз эркиндигин орнотууга анча-мынча кадамдарды жасады, бирок күтүлгөн белеске чейин бул өлкөнү узак жол күтүп турат.

XS
SM
MD
LG