Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

11-сентябрь боюнча доклад бүгүн жарыяланат


2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдарды иликтеген комиссиянын жыйынтыктоочу доклады бүгүн шардана кылынат. 600 барактан турган доклад өлкөнүн соңку эки президенти Билл Клинтон менен Жорж Буштун жетекчилиги астында коопсуздук кызматтары кандай иштешкенин, 3 миңге жакын адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарды жасоо эмне үчүн мүмкүн болгонун кылдат териштирген.

Президент Буштун кеңсесинде иштеген ырасмий адамдардын айтышынча, изилдөөдө не Буш, не Клинтон чабуул үчүн айыпталбайт. Жорж Буштун өзү болсо комиссиянын ишин “өтө маанилүү” деп атады:


- Бул - мен дайыма айтып жүргөндөй - өтө маанилүү комиссия. Анын себеби, президент жана Конгресс Американы, биздин досторубузду жана союздаштарыбызды коргоодо туура чечим чыгаруусу үчүн, мүмкүн болушунча эң жакшы чалгындоо маалыматына ээ болушу абзел.

Докладда Федералдык чалгындоо бюросу менен Борбордук чалгындоо агенттиги чабуулду токтото албаганы үчүн өтө катуу сынга алынат деп күтүлүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG