Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Канада Ирандын сотунун чечимина карата нааразылыгын билдирүүдө


Канаданын ырасмий бийлиги ишембиде Ирандын сотунун канадалык журналист Захра Каземинин өлүмү үчүн айыпталган атуулду актаган чечимине карата нааразылыгын билдирди. Канаданын тышкы иштер министри Иран бийлиги канадалык журналист кандай шартта өлтүрүлгөн деген суроого жооп бербегендиги жана кылмышкерлер сот жообуна тартылышпагандыгы жөнүндө маалымдады. Буга чейин Оттава Иран соту тарабынан канадалык журналисттин өлүмүнө байланыштуу сот ишинин адилетсиз каралышына нааразылык билдирип, Тегерандагы элчисин чакырып алган. Каземини өлтүрдү деп Ирандын коопсуздук кызматынын адиси Мохаммад Реза Акдам күнөөлөнгөн.

Иранда төрөлгөн Канаданын атуулу Захра Каземи өткөн жылы Тегерандын түрмөсүн сыртынан сүрөткө тартып жаткан жеринен камакка алынган. Андан көп өтпөй эле, мээсине кан куюлуп каза болгон. Маркум журналисттин үй-бүлөсүнө юридикалык жардам көрсөтүп жаткан белгилүү укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади Каземинин өлүмү боюнча акыйкат сот болушун талап кыла бере тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG