Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Жон Абизэйд Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн мамлекет башчысы Аскар Акаев АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы Жон Абизэйд менен жолугушту. Анда кыргыз-америка аскерий кызматташуусун өнүктүрүү багытындагы жана региондун коопсуздугу тууралуу маселелер талкууланды.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Жон Абизейддин жолугушуусунда антитерродук коалициялык күчтөрдүн "Ганси”атындагы авиабазасынын Кыргызстанда орун алышы Ооганстанда, Борборазия регионунда тынчтыкты жана бейтараптуулукту сактап турууга өбөлгө болоору айтылган.

АКШнын командачысы Коргоо министри Эсен Топоев жана Чегара кызматынын башчысы Калмурат Садиев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү. Эсен Топоевдин айтымында, генерал Абизэйд менен аскерий жана коргонуу багытында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүрдү.

Ал эми Калмурат Садиев чегара кызматына байланыштуу “Экспорттук көзөмөл жана чегара коопсуздугу”, “Чет өлкөлөрдө аскерий долбоорлорду каржылоо”, “Аймет” (эл аралык аскерий окуу жана даярдоо) программаларын аягына дейре ишке ашырууга АКШ тарап жардам берээрин билдирди. Аталган үч программаны колдоо максатында буга чейин АКШ өкмөтү 70 млн. доллар өлчөмүндө техникалык жана материалдык жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG