Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Адам укугун коргоочулар УКК сынына макул эмес


БИШКЕК. Кыргызстандагы адам укугун коргоочу уюмдар кайсы бир саясий партия, диний агымдын мүчөсүнүн, же адамдар тобунун эмес, жеке адамдын укугун коргойт. Ошондуктан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытовдун «Хизбуттахрир» уюмуна каршы күрөшүүгө адам укугун коргоочу уюмдар тоскоолдук кылып жатат деген билдирүүсү негизсиз. Мындай билдирүү менен бүгүн «Кылым шамы» адам укугун коргоочу уюму чыкты. Быйылкы жылдын биринчи мартында жалалабаддык тургундардын тобу «Фридом хауз» уюмунда жолугушуу өткөрүп, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынышканын ачыкташкан. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аларды тыюу салынган «Хизбут тахрир» уюмунун мүчөлөрү деп, диний экстремисттер адам укугун коргочу уюмдарды өз кызыкчылыгында пайдаланууда, деп билдиришкен. Бир адамды кыйноо фактысыда, бул өлкөдө кыйноого жол берилерин далилдейт, деп жазылган «Кылым шамы» уюмунун билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG