Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

БОРБОР АЗИЯ ОЮНДАРЫ КӨЛ БОЮНДА ӨТӨТ


Ушул жылдын 9-сентябрынан 16-сентябрга чейин Көл жээгинде Борбор Азия жана Орусия спортчуларынын «Азия – кызматташтык менен бейпилдик чөлкөмү» деген аталыштагы эларалык спорт оюндары өткөрүлөт. Мелдешти уюштуруучулардын айтымында, ага миңден ашуун оюнчулар катышып, салтанаттын ачылыш аземи Чолпонатадагы «Рух ордосу» улуттук-маданий жайында өтөт. 11-августта эларалык спорт оюндарын өткөрүүнүн даярдык иштери талкууланды.

Ушуну менен 4-ирет өткөрүлүп жаткан эларалык Ысыккөл спорт оюндарына Орусиянын биртоп аймактары менен Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын спортчулары катышат. Оюнчулар спорттун 12 түрү боюнча мелдешет. Ушу тапта оюнду уюштуруучулар Көл боюндагы спорттук жайларды даярдап, келген конокторду тоосуп алуу, жайгаштыруу, аларга жакшы шарт түзүп берүүнүн аракетинде жүрүшөт.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтымында, бул оюнга мурдагыларга салыштырмалуу оюнчулар арбын катышат.

- Маселен, өткөн жылы 200 жакын спортчулар катышса, быйыл ага 1000 ашуун киши катышары болжолдонууда. Биздин өлкөнүн бардык булуң-бурчунан, башка мамлекеттерден өкүлдөр келип күч сынашат, - дейт Николай Танаев.

Оюнчулар Чолпоната шаарында жана ага жанаша айылдардагы пансионат, мейманкана, эс алуу жайларында жайгаштырылмакчы.

Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүковдун ырасташынча, оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи Чолпонатадагы «Рух ордосунда» өткөрүлөт. Аземге Кыргызстандын жогорку бийлик жетекчилери, Орусиянын туңгуч президенти катышары күтүлүүдө.

- КМШдагы кесиптештерибиз менен акылдаштык. Биз спорттук делегацияларды Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстандын спорт министрлери жетектеп келишин каалайбыз. Анан да оюндар өтүп аткан маалда спорт проблемаларын козгогон эларалык конференция өткөрүүгө камданып жатабыз. Бизде 28-олимпиадалык оюндар өткөндөн айта турган сөз, коюла турган проблемалар арбын болот, - деп айтты Өкмөтбек Алмакүчүков.

Анын айтымында, мелдештер өтчү жай катары Чолпонатадагы «Көгүлтүр Ысыккөл» пансионаты тандалып алынган. Бирок ал жерге алыстан келген спортчулардын баары батпайт. Ошондон «Көгүлтүр Ысыккөл» пансионатына жуук эс алуу жайлары, кадырлуу коноктор үчүн шарты мыкты мейманканалар, эс алуу үйлөрү тандалып алынмакчы.

- Эмне үчүн жеке менчик мейманканаларды тандап жатышыбызыдын себеби бар. Өткөн жылы пансионаттарда жашаган спортчулар менен машыктыруучулар тейлөө сапатынын начарлыгына нааразы экенин айтышкан, - деп билдирди Ө.Алмакүчүков.

Оюндарды уюштурууга баш-аягы 13 миллионго жакын сом жумшалары айтылууда.

- Бу сметага Ысыккөл оюндарынан кийин өтүүчү Жалалабаддагы спартакиадага кетчү чыгымдар, жыл соңуна чейин өткөрүлчү спорттук иш-чаралар кошулган, - дейт Өкмөтбек Алмакүчүков.

Эларалык оюндарды уюштуруу иштери кандай жүрүп жатканын Афинадагы олимпиадалык оюндарды көрүп келгенден кийин өкмөт башчы жеке өзү кыдырып текшерип чыгарын айтты. Николай Танаев Кыргызстандын спорт чиновниктери эларалык мелдештерди теледен көрсөтүү маселесин маалкатып чече албай келатышканын сынга алды. Анын айтымында, быйылкы футбол боюнча Европа мелдешин теледен көрсөтүүгө уруксат алуу маселеси оюндар башталарга беш саат калганда чечилген. Келишим контракты 2000-жылы эле Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Афина олимпиадасын көрсөтүү боюнча маселе да шашылыш чечилди.

- Качанкы келген келишим долбоорун кечээ мага алып келип беришти. Келишим силерде, олимпиада комитетинде болушу керек. Баарына акча төлөө керек. Башталышына 30 миң доллар, оюндарга акча төлөш керек. Алар качан болорун мен кайдан билейин, - деди Н.Танаев.
XS
SM
MD
LG