БИШКЕК. Кадамжай сурма комбинатынын мамлекетке тиешелүү акциясын сатуу боюнча тендер жарыяланганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитет кабарлады. Маалыматка караганда, комитет комбинаттын 70% акциясын сатмакчы.Кадамжай сурма комбинаты сырьенун жетишсиздигине байланыштуу акыркы мезгилде толук кубатта иштей албай турат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттары комбинаттын сатылыш маселесин сентябрь айында баштала турган сессияда кароону болжошууда.