Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу курултайга даярдык көрүүдө


БИШКЕК. «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна кирген партиялар күз айларында боло турган биргелешкен курултайга даярдык көрө баштады. Бул тууралуу блокко кирген Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери Жыпар Жекшеев бүгүн билдирди. Анын айтымында, алты партия бириккен блоктун курултайында келерки жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү маселеси каралмакчы. Буга чейин маалымдалгандай «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу президенттик шайлоодо мурунку премьер министр Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоорун билдирген. Ал эми курултайды талапкерди расмий түрдө көрсөтүү иш чарасы болмокчу. Шайлоо блогун оппозициялык маанайдагы «Асаба», КДК, «Кайран эл», «Республика», «Эркиндик» жана «Эрк» партиясы түзгөн.

XS
SM
MD
LG