Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

БУУ Багдаддагы өкүлчүлүгү жардырылганынын бир жылдыгын белгилөөдө


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан бүгүн Женевадагы эскерүү жыйынында сүйлөгөн учурунда мындай деди:

- Бизге согушту, мен болтурбай коюуга мүмкүн деп чын ниетимден ойлогон согушту баштан кечирүүгө туура келди. Анда мен Иракка ошол согуштун кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн жиберген, таланттуу, эң сонун, кең пейил 22 кесиптешимди жоготтум.

Багдаддагы былтыркы жардыруудан каза тапкандардын арасында БУУнун өкүлчүлүгүнүн башчысы Сержио Виера де Мелло да бар эле. Бул окуя уюмдун чет элдик кызматкерлеринин баары Ирактан чыгарылып кетишин шарттаган. Андан бери жергиликтүү кызматкерлер гана гуманитардык иштерди аркалап келген болчу. Өткөн аптада Багдадга башкатчынын жаңы өкүлү, пакистандык дипломат Ашраф Жехангир Казинин келиши менен БУУ Ирактагы өкүлчүлүгүн расмий түрдө кайра негиздеди. Жаңы өкүлчүлүктүн баштапкы милдети - өкмөткө шайлоону уюштурууга жардам берүү.

XS
SM
MD
LG