Эртең Бишкекте “Эл тагдыры-Өлкө тагдыры-улут тагдыры” деген аталыштагы элдик кеңешме жыйын болот. Жыйынды уюштуруп жаткан “Улут ордо” коомдук уюмдар тилектештигинен билдиргенине караганда, Республиканын чар тарабынан 300 адам катышат. Жыйында эне тил маселеси, улуттук өнөрдүн, маданият, тарых, каада-салттын тагдыры жана келечеги, өлкөдөгү чарба жүргүзүү жана каражат табуу иштери, дүйнөлүк соода-сатыкка аралашуу тууралуу маселелер талкууга коюлат. Жыйындын атынан мамлекет башчысына жана жалпы коомчулукка кайрылуу жолдонушу күтүлүүдө.