Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:55

ТИМ тышкы саясат боюнча билдирүү таратты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Общественный рейтинг» гезитине жарыяланган «Редактордун колонкасы» аттуу макалага байланыштуу билдирүү таратты. Анда макала авторлорунун Кыргызстандын тышкы саясаты бир мамлекеттин кызыкчылыгынан экинчисиники артык болгудай багытта жүргүзүлүп жатат деген пикири негизсиз деп билдирди. Андан тышкары Кыргызстан менен Кытайдын кийинки кезде кеңейип бараткан мамилеси боюнча күмөн саноо жараткан пикирлер менен макул эмес экендигин жана макалада жазылган миграциялык процесстер тиешелүү мекеменин катуу көзөмөлүндө тургандыгын жарыя кылды. Макала калыс жазылган эмес жана Кыргызстандын Кытай, Орусия жана АКШ менен түзүлгөн жогорку деңгээлдеги мамилесин так чагылдырган эмес деп билдирип, газета редакциясы Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатынан кабарсыз деп билдирди.

«Общественный рейтинг» гезити 18-августта жарыялаган макалада Кыргызстандын өнөктөш мамлекеттерди тандоо жана алар менен мамиле түзүү саясатындагы калпыстык Орусия, АКШ жана Европа Биримдиги менен мамилени стратегиялык экономикалык кызматташууга жеткирбей, Кытай менен бир жактуу мамиленин күчөшүнө алып келди деп жазган.

XS
SM
MD
LG