Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Жаштар уюмдары билдирүү таратышты


ОШ. Ошто «Жаңы Кыргызстан» жана «Ойгон, Кыргызстан» жаштар уюмдары билдирүү таратышып, Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен жети жылга узартуу үчүн кол топтоо демилгеси менен чыккан "Элим менен, элим үчүн" атуулдук фонддун кайрылуусу сынга алынган. «Аманбай Сатыбаев, Гүлшайыр Садыбакасова жана Айдар Бакыев башында турган атуулдук фонддун бул демилгеси бийлик төбөлдөрүнө карата кошоматка кой сойгон, жагынуучулукту тутунган жеке кызыкчылыктардын ачкөз аракети» деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүнүн авторлору жогоруда аталган фонд, Конституцияга жана абийирге туура келбей турган мындай аракеттерин уланта бере турган болсо, алар Аскар Акаевдин референдум жолу менен президенттик мөөнөтүн узартуусуна жана 2005-жылкы президенттик шайлоого катышуусуна каршы атуулдардын колдорун топтой тургандыктарын билдиришти. 35 адамдын колу коюлган бул билдирүүдө мындай пикирге тилектеш коомдук уюмдарды жана саясий партияларды баш кошууга чакырык ташталган. Мындай маалымат бүгүн "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Керим Макеевден жана "Ойгон, Кыргызстан" жаштар кыймылынын төрагасы Замирбек Бөжөновдон алынды.

XS
SM
MD
LG