Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Кыргызстандын мамлекет жана өкмөт башчысы Орусия жетекчилерине көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путинге 24-август түнү Орусиянын эки шаарында болгон авиа кырсыкка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Ушундай эле телеграмманы Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадковго жиберди. Бул тууралуу бүгүн президенттин жана өкмөттүн маалымат кызматтары кабарлашты. 24-августта Орусиянын Тула жана Ростов-Дон шаарларында ТУ-154 жана ТУ-134 үлгүсүндөгү учактар кыйроого учурап, бир нече адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG