Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Каракол шаарында эл аралык террочулукка каршы митинг өттү


КАРАКОЛ. Митингге облустун коомчулугу, согуштун жана эмгектин ардагерлери, шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын окутуучулары, студенттер, мектеп окуучулары катышып, "Бесландагы кайгылуу окуяга биз кайдыгер эмеспиз", "Террорчуларга жол жок", "Бесландыктар биз силер менен биргебиз" деген плакаттарды көтөрүшүп, Түндүк Осетияга түн түшүргөн террорчуларга наалат айтышты. Облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ырысгүл Орозакунова бесландыктарга гуманитардык жардам жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Облустун казысы Бесландагы кайгылуу окуя жалпы мусулман баласын кайдыгер калтырбайт, ислам динине жамынган террорчулар кудай алдында жазаланат деген оюн билдирип, элди ынтымакка чакырды. Митингге 2 миңден ашуун адам катышып, Бесландагы кайгылуу окуянын бейкүнөө курмандыгы болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

XS
SM
MD
LG