Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Ирактык куралчандар менен АКШ аскерлеринин урушунда 27 киши окко учту


АКШлык аскерий күчтөр Фаллужа жана Тал Афар шаарларындагы козголоңчулардын өңүттөрүнө чабуул жасады. Сириянын чегарасына чектеш жайгашкан Тал Афар чет элдик согушчандар Иракка кирчү ууру жолдордун бири деп эсептелет.

Ниневе провинциясынын башкы врачы Рабия Ясиндин билдиришинче, америкалык аскерлер менен ирактык куралчандардын Тал Афарда болгон салгылашуусунда берисин айтканда 27 киши окко учуп, 70 чамалуу киши жарадар болду .

Фаллужа шаарына АКШлык учактар бүгүн таң азанда жасаган чабуулда 8 киши курман болгону кабарланды.

Бүгүн эле америкалык аскерлер менен Ирактын коопсуздук күчтөрү өлкө түндүгүндөгү Самарра шаарына мыйзамдуу бийликти орнотуу үчүн киришкенин АКШ армиясы билдирди.

XS
SM
MD
LG