Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Өлкөдөгү бирдиктүү пландоо маселеси талкууланды


НАРЫН. Бириккен Улуттар Уюмунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу программасынын Нарын облустук өкүлчүлүгү "Биргелешип пландаштырууну өркүндөтүү" аттуу тренинг өткөрүп, анын ишине атайын чакырылган айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери катышышты. Анда мурдагы Союз маалындагы жогортон төмөн карай пландоо ыргагын, бүгүнкү учурда тескерисинче төмөндөн жогоруу карай пландоо бирдигин ишке ашыруу вазийпасы айтылды. Облуста иштеп жаткан БУУнун улуттук волантёру Темир Жумакадыровдун жергиликтүү бийлик мамлекеттик бийлик менен бир тутумда пландоону ишке ашыруусу керек деген түшүндүрмөсү тренингдин бир катар катышуучуларын ынандырган жок. Маселен, Акталаа районундагы Кошдөбө айыл өкмөтүнүн кызматкери Конокбай Чымбаев айылдыктар өз алдынча айыл чарба азыктарын өндүрүп жатышкандыктары менен аларды кайда сатууну билишпейт. Ошол эле маалда дале жогору жактан индикативдүү план мажбурланып берилет. "Ушундай башаламандуулук айыл чарба тармагын алсыратууда", дейт Конокбай Чымбаев.

XS
SM
MD
LG