- Эдил мырза, белгилүү укук коргоочу, Чыгыш Европа боюнча демократиялык борбордун жетекчиси Павей Казанецкийдин Кыргызстанга киргизилбей коюлганы боюнча кандай комментарий бере аласыз?
- Павей Казанецкийдин Кыргызстанга киргизилбей коюшу, албетте Кыргызстандын демократиялык ачык өлкө катары кадыр-баркына шек келтирет. Бул аябай сокку болду. Биз унутпашыбыз керек, Польша - бул Европа биримдигинин эң чоң өлкөлөрүнүн бири. Польша дагы, Европалык биримдик дагы укук коргоочунун Кыргызстанга киргизилбей коюшун эми тим койбойт. Бул боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө суроолор коюлат. Анткени, мындай суроо туулуп атат, эмне үчүн Европанын акыркы диктатору Лукашенконун душмандары кыргыз элинин душманы болуп калышы керек? Бизге укук коргоочу кандай зыян келтирди эле? Эмне үчүн биздин чегарабызга, биздин өлкөбүзгө киргизилбей коёт? Биздин оюбузча, бул абдан начар инцидент болуп атат. Лукашенконун режиминин душманы Джорж Буш. Эртең Джорж Буш келип калса, биз аны эмне киргизбей коёбузбу? Биз өзүбүздү Белорусиянын деңгээлине коюп атабыз.
- Павей Казанецкий кайсыл уюмдун чакыруусу боюнча келди эле Кыргызстанга?
- Ал Бишкекте, Ошто, Дүйшөмбүдө, Ташкенде бир канча уюмдар менен жолукмак. Ушул эле Бишкекте бир канча бейөкмөт уюмдар менен, редакторлор, гезит жаматтары менен, ар кандай массалык маалымат каражаттары боюнча изилдөө жүргүзмөк. Бишкекте, Ошто болушмак, анан Тажикстан, Өзбекстанга кетишмек.
- Эдил мырза, силердин катыңарга чегара кызматынан кандайдыр бир жооп болдубу?
- Азыркы учурга чейин бизге түз жооп боло элек. Бирок башка массалык маалымат каражаттарына жооп берилип, өлкөгө киргизбөө үчүн берилген тизмеде анын фамилиясы бар болчу, биз буйрукту аткарып атып эл аралык келишимге ылайык аны киргизбей койгонубуз чын деп айтып атышат.
- Ал эми Павей Казанецкий бул окуяны кандай кабыл алды?
- Ал киши ошол эле рейс менен Москва аркылуу транзит менен Польшага кетти. Азыркы учурда биздин билишибизче, алар Польшанын министрликтери, Европа биримдигинин жетекчилери менен бул маселени козгоп, Кыргызстандан түшүндүрмөлөрдү сурап атышат. Эмки жумада дагы бир жолу Кыргызстанга келгенге аракеттенип атат.