Ооган президенти Хамид Карзай өткөн жумада ага жасалган кол салуу аракетинен кийин шайлоо өнөктүгүн борбор калаада улантты. Шайлоочулар президент менен жолугушууда өлкөдөгү чет элдик аскер күчтөрү дагы канча убакыт Ооган жеринде калышаарын сурашты. Сөз америкалык 17 миң жана НАТОнун 8 миңдей аскерий күчтөрү тууралуу болуп жатат.
Бул суроого Карзайдын жообу төмөнкүчө болду:
- Чет элдик аскерлер бул жерде убакылуу гана турушат. Биз миң ирет суранып, жалбарып олтуруп, алардын өлкөдө калуусуна жетиштик. Алар калышты, бул үчүн биз дайыма аларга ыраазычылыгыбызды билдирип турабыз. Алар биздин өзүбүздө кубаттуу армия түзүлгөнгө чейин Ооган жеринде калышат.
Карзайдын бул билдирүүсү ушул жылдын 9-октябрына белгиленген президенттик шайлоо алдында жүргүзүлүп жаткан коопсуздук чаралары менен туш келгендей болду.
Талибан күчтөрүнүн калдыктары жана өздөрүн "ислам жоочулары" деп аташкандар жаратып жаткан коркунуч өзгөчө өткөн жуманын бейшембисинде даана байкалды. Ал күнү президент Карзай Гардез шаарына шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барышы керек болчу.
Карзай ал жерге жетээрине аз калганда Гардездеги мектепке ракетадан чабуул жасалат. Ошол эле замат президент олтурган америкалык аскерлердин вертолету жолдон кайра Кабулду көздөй жөнөйт.
Анын эртесинде АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад жикчилер зомбулукту күчөтүшкөндүгү тууралуу айтты. Ал эми ишемби күнү ушундай эле маанайдагы дагы бир эскертүү өлкөнүн ички иштер министри Али Ахмад Жалали тарабынан жасалды. Анын билдирүүсүнө ылайык, Талибдер менен “ал-Каида” күчтөрү өлкөнүн Пакистан менен чектеш райондоруна чабуулга камынып жатышат.
Президентти өлтүрүүгө көрүлгөн аракет Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин жалпы эларалык коомчулукка Ооган жеринде коопсуздукту күчөтүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылуусун шарттады. Коопсуздук кеңешинин ишениминде, Ооган жериндеги чет элдик аскерлердин алкагын дагы да кеңейтүү зарыл жана бул жараян алдыдагы бир жыл ичинде аткарылышы керек.
Талкууда коопсуздук темасынан сырткары шайлоонун саясий өңүтү да оозго алынды. Анткени өлкөдө добуш берүүчүлөр арасында колдоого ээ айрым куралдуу саясий фракциялар да бар жана алардын аракеттери да шайлоого залакасы тийбей койбойт. Гераттагы губернатордун кызматтан кетиши жергиликтүү шайлоочулардын көчөгө чыгып, тополоң уюштурушуна түрткү болгондугу маалым.