Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Түркия менен Евробиримдик эки ортодогу талаш-тартыштарды чече алды


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Евробиримдик анын өлкөсү менен уюмга мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүү баштоо жөнүндө келерки айда оң чечим кабыл аларына ишеним билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн Брюсселде Еврокомисиянын кеңейүү маселелерин тейлеген комиссары Гүнтөр Верхойген менен кездешкен соң айтты.

Ал эми Г.Верхойген өз тарабынан эки тарап талаш-тартыштарды чечүүгө жетишкенин маалымдаган болчу:

-Биз баардык негизги маселер боюнча чечим таба алдык. Демек, менимче, баардык тоскоолдуктар жоюлду. Түркия Еврокомиссия мүнөздөмө бергенге чейин аткарышы зарыл болгон кандайдыр бир шарт калган жок.

Еврокомиссия Түркия мүчөлүк боюнча сүйлөшүү баштоого даяр же даяр эместиги боюнча өз отчётун 6–октябрда жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG