Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

КЫРГЫЗСТАНГА ИРАНДЫН БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ


Бул күндөрү Кыргызстанда Иран ислам республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф ырасмий сапар менен жүрөт. Бейшембиде сапардын жыйынтыктоочу документи катары үч меморандумга жана туризм, маданий мурастарды коргоо тармагында кызматташуу планына кол коюлду.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы мамиле 1992-жылы түзүлгөн. Андан бери эки өлкөнүн ар тармакта кызматташуусуна негиз берген ондогон келишим, макулдашуулар кабыл алынган.

Бирок сооданын көлөмү бул жылдар аралыгында 14-15 миллион доллардан ашкан эмес. Ушундан улам премьер-министр Николай Танаев соода көлөмүн 200 миллион долларга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендигин жана жаңыдан кол коюлган документтер ага жол ачаарын билдирди. Бул документтердин ичинен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын ушул күнү ишин аяктаган жетинчи отурумунун жыйынтыгы катары кабыл алынган меморандум өтө маанилүү.

Аталган комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандын транспорт жана байланыш министринин орун басары Айзат Ажикеевдин айтымында, ага банк, транспорт, илим изилдөө, соода, авиакаттамдар жөнүндөгү маселелер киргизилди:

-Меморандумга банк, туризм, каржы жана билим берүү боюнча көп маселелер киргизилди. Банк жана финансы маселесин талкуулаган маалда Иран бизде өз банкын ачууга кызыкдар экендигин билдирди. Биз ага макул болуп, Иран банкын ачууга көмөктөшмөк болдук. Андан тышкары Иран бизге 50 миллион евро инвестиция жасамак болду. Ал үчүн биз келечектүү долбоорлорду сунуштайбыз. Мисалы, биз ал каражатка стратегиялык жол, көпүрөлөрдү курсак жана Бишкек, Ош, Жалалабад шаарларындагы жолдорду оңдосок деген сунушту Экономика жана тышкы соода министрлигине бергенбиз. Эми биздин өкмөт кандай чечимге келсе, каражат ошого жумшалат.


Айзат Ажикеевдин айтымында, аталган долбоорлор даяр болгондон кийин аны Ирандын компаниялары гана ишке ашырат. Анткени, Иран өкмөтү инвестициясын өз компанияларын иш менен камсыз кылуу шарты менен бергени жатат.

Ирандын биринчи вице-президентинин сапарынын дагы бир маанилүү жыйынтыгы - энергетика тармагында кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюу болду.


Транспорт жана байланыш министринин орун басары Айзат Ажикеевдин айтымында, меморандумда Кыргызстан жылына Иранга бир жарым миллиард киловатт/саат электр энергиясын сата алат деп белгиленди. Ирандын вице-президенти Мухаммад Реза Арефтин айтымында, бирок бул сан өзгөрүшү толук мүмкүн:

- Бул сан болжол менен гана алынды. Эки тараптын эксперттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин, балким, көлөм көбөйүшү мүмкүн. Бул жерде биз электр энергияны аймагы аркылуу ташып өтүүгө аракет кылган өлкөлөрдүн Иран менен өтө тыгыз кызматташтыкта экендиги эң маанилүү. Биз ошол мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен документке кол койдук.

Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф Иран өкмөтү Кыргызстандын аймагында чакан ГЭСтерди куруу долбоорун инвестициялоого макул экендигин да кабарлады:

-Кыргызстанда ГЭСтерди курууга Ирандын инвестиция жасоо долбоорун принцибинде биз колдойбуз. Маселени эки тараптын өкүлдөрү дыкат талкуулап туруп, бир келишимге келет.


Ирандын вице-президентинин сапары маалында соода-экономикалык кызматташуудан тышкары эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселеси да талкууланып, тараптар коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өз ара байланышты чыңдоо зарыл деген бүтүмгө келишти. Ал тууралуу кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев:

- Биз коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм, экстремизмдин биздин мамлекеттерде жана региондо жайылуусуна бөгөт коюу жаатында тыгыз кызматташып, бирдиктүү чараларды көрүүгө макулдаштык,- деп билдирди.

Ал эми Иран менен Кыргызстандын ортосунда соода көлөмүн 200 миллион долларга чейин жеткирүү жолдору эки өлкө өкмөттөрү жана ишкерлеринин катышуусу менен жума күнү болуучу соода-инвестициялык семинарда талкууланып, натыйжалуу багыттары тандалмакчы.

Эксперттердин баамында, мына ошондо гана өкмөттөр аралык комиссия жыл сайын кабыл алып келаткан меморандумдарда жазылган ниеттер орундалышы мүмкүн.

Сүрөттө: Иран ислам республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф.

XS
SM
MD
LG