Дүйшөмбүдө Люксембургда журналисттер менен жолугушуу маалында Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро санкцияларды жоюуга биринчи кезекте Ливиянын массалык кыргын салуучу курал даярдоодон баш тартканы түрткү болгонун белгиледи:
-Бүгүн менин кесиптештерим Европа Биримдигинин Ливияга карата санкцияларын биротоло жоюуга бир ооздон макул болушту. Буга Ливиянын биздин өтүнүчтөрдүн баарын аткарып, өзөктүк курал программасын токтоткону себеп болду.
Бирок Ливия массалык кыргын салуучу курал даярдоо аракеттерин токтотконун былтыр декабрь айында эле жарыялаган, анын алдында ырасми Триполиге дипломатиялык кысым көрсөтүү аракеттерин негизинен Вашингтон аркалап келген. Ошондуктан Европа Биримдигинин соңку чечимине ушул жагдай жалгыз себеп болбогону айкын.
Былтыр март айында Ливия 15 жыл илгери Шотландиянын үстүнө кулап түшкөн жүргүнчү учактагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ошону менен АКШ жана Британия көптөн бери иликтеп келаткан маселеге чекит коюлуп, окуядан бир ай өтпөй Бириккен улуттар уюму Ливияга каршы 1992-жылы киргизилген экономикалык чектөөлөрдү алып салды. Ошондон тарта Европа Биримдиги менен ырасми Триполинин ортосундагы саясий алакалар активдешип, былтыр ала жазда Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ливияга визит менен барып кетти. Анын изин суутпай, апрелде Ливиянын лидери Муаммар Каддафи Евробиримдиктин Брюсселдеги баш кеңсесинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Баса, өткөн жылдын июнь айында Кошмо Штаттар Ливия менен дипломатиялык алакаларын калыбына келтирип, Түндүк Африкадагы бул өлкө менен эбактан бери токтоп калган соода байланыштарын жандандырганын жарыялады.
Мыйзамсыз миграцияга келсек, Ливиядан ай сайын ар кандай көрүнөө-күмөскө жолдор аркылуу агып чыккан миңдеген мигранттар Италиянын башкы көйгөйлөрүнүн бирине айланганына көп болду. Ушу тапта орто эсеп менен 100 миңдей ливиялык качкын Италиядагы лагерлерде күн көрүүдө.
Ошентсе да Италия дүйшөмбүдө Ливияга карата санкцияларды токтотуу чечимин колдоп добуш берди, анткени ал жакында Триполиге ири суммадагы чек ара жабдыктарын, аскердик буюм-тайым сатуу маселесин алдын-ала макулдашып койгон.
Ливияга карата санкцияларды жоюуну оңой эле макулдашкан Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Кытайга курал-жарак сатууга 15 жыл мурда киргизилген тыюуну алып салуу маселесинде орток пикир таба алышпады. Байкоочулар бул маселени Бэйжин менен стратегиялык кызматташтыгын бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп келаткан Франция көтөрүп, АКШлык дипломаттар аны өткөрбөөгө катуу аракет кылганын айтышат. Ушу тапта Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Голландиянын тышкы иштер министри Бен Бот Кытай маселесин макулдашууга кошумча убакыт керектигин белгиледи:
-Мен бул жерде курал-жарак эмбаргосу менен адам укуктарынын байланышы жоктугуна көңүл бурмакчымын. Ошентсе да маселен, Кытай граждандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык келишимди ратификацияласа же 1989-жылы Тянанмен аянтындагы демонстрациядан кийин камакка алынгандар бошотулса, ал биз үчүн абдан жакшы белги болорун айта кетишим керек,-деди Голландиянын тышкы иштер министри.
Дипломаттардын айтымында, Вашингтон эгерде Кытайга курал-жарак сатууга уруксат берилсе, жалпы Чыгыш Азияда чөлкөмүндөгү стабилдүүлүккө сокку келтирилет, ошондой эле Бэйжинге адам укуктарын жакшыртуу багытында кысым көрсөтүү маселеси кыйындайт деп караманча каршы чыккан.