Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуруму үзгүлтүккө учурашы ыктымал


БИШКЕК. Эгерде Кыргызстандын аткаруу бийлиги Мыйзам чыгаруу жыйынынын бейшемби күнкү отурумунда өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин кайрадан каратууга аракет жасай турган болсо, палатадагы оппозициячыл маанайдагы жана айрым ортомчул көз караштагы депутаттар отурумду дагы бир жолу үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Бул тууралуу бүгүн депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымына караганда, энергетика тарамагын менчиктештирүүгө каршы болгон депутаттардын саны он тогузга жетти.

Эске сала кетүүчү нерсе, Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициячыл жана айрым ортомчул маанайдагы он беш депутат энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин кароодон баш тартышып, аталган палатанын 19-октябрдагы отурумун үзгүлтүккө учуратышкан.

Ошол эле күнү алар элге кайрылуу жолдошуп, Кыргызстандын аткаруу бийлиги өлкөдөгү эң кирешелүү тармакты палатадагы өкмөтчүл маанайдагы депутаттарды макулдатуу жолу менен арзыбаган баага саттырып жаткандыгына каршы болгондуктан ушундай кадамга барып жаткандыгын билдиришкен. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев маселе бейшемби күнү карала тургандыгын жарыяланган.

XS
SM
MD
LG