Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Иракта 350 тонна жардыргыч зат жоголду


Ирактын бир катар жерлеринде болгон жардыруулардан кечээ 10 ирактык өлдү. Алардын сырткары, өлгөндөрдүн арасында бир америкалык жана бир эстониялык аскерлер бар.
Ал эми Бириккен улуттар уюмунун атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) бүгүн Багдатка жакын жерде 300 тоннадан ашуун жардыргыч зат жоголгондугун ырастады.

- Бүгүн бизге Ирактан ал жерде 350 тонна жардыргыч зат жоголгонун кабарлашты. Алар заттын жоголушун өлкөдөгү коопсуздук чараларынын алсыздыгы жана уурулуктун өскөндүгү менен түшүндүрүштү. Аны кантип табуу боюнча, тилекке каршы, бизде да, ирактык өкмөттө да эч кандай план жок, - деди МАГАТЭнин өкүлү Мелисса Флеминг.

Ал эми АКШ Ирактагы аскерий складдарда коопсуздук чараларын күчөтөөрүн билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрелинин айтымында, Иракта 450 миң тонна жардыргыч зат жок кылынган же жок кылынмакчы.
Анын аралыгында, кечээ Ирактын түндүк райондорунун биринде жергиликтүү коомчулуктун башчысы эки жардамчысы менен кошо өлтүрүлдү. Ал эми Рамади шаарында америкалык аскерлер менен болгон аткылашуудан үч козголоңчу окко учуп өлгөн.

XS
SM
MD
LG