Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Мамлекет башчысы жергиликтүү жамааттарга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына куттуктоо жолдоду


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаев жергиликтүү жамааттарды, жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгынын кызматкерлерин аталган башкармалыкты реформалоонун 10 жылдыгы менен куттуктады. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Президент куттуктоосунда, аз убакыт ичинде аталган башкармалыкты реформалоонун негизинде, башкаруу бийлиги жергиликтүү жамааттарга өткөнүн баса белгилеген. Эл аралык уюмдардын колдоосунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгы жетиштүү тажрыйба топтоп, кедейчиликти жоюу багытында алгылыктуу иштеп жаткандыгына токтолгон. Президенттин баамында жакында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо, элет жеринин тургундары саясий активдүүлүк көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG