Президенттик шайлоонун жыйынтыгын негизги атаандаштардын штабы өз пайдасына буруп жарыялашууда. Өкмөт өзү көрсөткөн талапкер Виктор Януковичти шайлоодо жеңишти колго алгандыгын айтса, оппозициянын лидери Виктор Ющенко өкмөттү “жалган айтып жатат” деп айыптап, өзү жеңишке жеткенин билдирди.
91% бюллетендер эсептелип бүткөн маалда анын жыйынтыктары мындай болду: Януковичке 40,46% шайлоочулар добуш берген, ал эми Ющенко 39% добуш топтогон. Эки негизги талапкердин ортосундагы айырма акырындап жоюлуп баратат.
Бирок Ющенко бул жыйынтыкка макул эместигин, анткени оппозициялык күчтөр шайлоо чөлкөмдөрүнүн үчтөн биринде өздөрүнүн эсептөөлөрүн өткөрүшкөнүн жана аларга ылайык жеңишти багынткандыгын айтты:
-Биринчиден, кымбаттуу достор, Украин демократиясы көптөн бери умтулуп келген өлкөнүн демократиялык күчтөрүнүн чоң ийгилигине жеттик.
Ющенко Януковичти “өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө, өзгөчө премьер-министрдин мекени Донецкиде көз боёмочулукка кеңири жол берген” деп айыптады. Анын айтымында өкмөт украиналык шайлоочулардын 10% түзгөн Донецкиде кетирилген катачылыктар шайлоонун жыйынтыгына олуттуу өзгөртүүлөрдү берет:
- Өкмөт бул жерди шайлоо жыйынтыктарын өзү каалагандай тарапка буруу максатында калтырган.
Негизи, добуштардын жыйынтыктарын эсептөөнү эки талапкердин тең шайлоо штабдары жүргүзүшкөн. Экөө тең өздөрүнүн лидерлерин алдыга коюшту. Байкоочулар бул эки штабдан алынган айырманы алардын чөлкөмдөрдү изилдөөдөгү тандоосуна жараша болду деп эсептешет. Анткени Януковичтин штабы өзүнүн облусун изилдесе, Ющенконуку өзүнүкүн изилдеген. Мисалы, өлкөнүн батыш бөлүгүнүн тургундары Ющенкону колдошот.
Шайлоонун жыйынтыктарын эсептөөдө көз боёмочулук фактылары болгондугун айрым эл аралык байкоочулар да тастыкташты.
Алардын бири, канадалык көзөмөл миссиясынын башчысы Жон Мрзавдын айтымында, алар Украинанын чыгыш тарабындагы шайлоо чөлкөмдөрүнө бир канча адамдар келишип, ал жерде иштегендерге эгерде алар Януковичке бериле турган добуштардын көлөмүн 80% жеткиришпесе, "баштары алына" тургандыгын айтып, коркутушкан. “Биз бул өңдүү кабарларга өтө олуттуу карап, аларды изилдейбиз” деди Мрзав.
Ал эми Европа Кеңешинин өкүлү Ханн Северинсон Украинадагы шайлоодо элдин 75% катышкандыгын жогору баалап, муну демократиялык принциптердин негизинде өткөн шайлоо дегенге да боло тургандыгын айтты.
Янукович болсо бүгүн үйүндө эс алууну туура көрдү жана шайлоо процессине көзөмөл жүргүзүүнү толугу менен өзүнүн штабынын башчысы Сергий Тыхыпкого жүктөп койду:
- Биз өлкөдө тынчтык менен ынтымакты сактап калдык. Мен чынында аябай кыжаалат болгом. Бирок Украин элинин даанышмандыгына ишенгем. Андыктан Украина алдыңкы, өнүккөн мамлекет болот деп ишенем.
Бул жолку шайлоо Украина үчүн Орусия менен Батыш ортосундагы тандоо болду. Ющенко Украинаны Батышка, НАТО менен Европа Биримдигине кошууну самайт. Ал эми Янукович ырасмий Киев Москва менен жакын болуп, Орусия баштаган Эркин экономикалык мейкиндиктин чегинде кызматташтыкты арттыруусун каалайт.