Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Экс-элчилер БШКнын төрагасына нааразы


БИШКЕК. Кыргызстандын буга чейин чет өлкөлөрдө элчи болуп иштеп келген үч атуулу Медеткан Шеримкулов, Мамбетжунус Абылов жана Үсөн Сыдыков парламенттик шайлоого катышуу укугуна байланыштуу билдирүү таратышты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин өткөн жума күнү «Слово Кыргызстана» гезитине берген түшүндүрмөсү чет өлкөлөрдөгү элчиликтерде иштеген атуулдардын укугун басмырлоого жол берет деп билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аталган түшүндүрмөсүндө Кыргызстандан тыш жерде беш жылдан ашык мезгил жашаган атуулдар Конституциянын 56-беренесинин 1-пунктуна, Шайлоо кодексининин 60-беренесине ылайык парламенттик шайлоого катыша албай тургандыгын билдирген эле. Мурдагы элчилер аны атуулдардын конституциялык укугун басмырлоо жана аларга атайылап бут тосуу катары баалап, билдирүүнү президентке, Жогорку Кеңешке жана тышкы иштер министрлигине жөнөтүштү. Андан тышкары Шайлоо кодексининин аталган беренеси боюнча түшүндүрмө берүүнү Мыйзам чыгаруу жыйынынан өтүнүштү. Мындай маалымат бүгүн өлкөнүн Малазиядагы экс-элчиси Мамбетжунус Абыловдон алынды.

XS
SM
MD
LG