ОШ. Каракулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн аймагында эки мектептин имараты тең ушул жылдын январь айында электр чагылышуусунан өрттөнүп кеткен. 15-ноябрь күнү түшкө чейин Ойтал кыштагындагы «Ойтал» орто мектебинин, түштөн кийин Канкоргон кыштагында Жусупмамыр атындагы орто мектептин жаңы имараттарынын жүз ачаар аземи чоң салтанат менен өткөрүлүп, аларга Ош облус губернатору Накен Касиев, Кыргыз Республикасынын билим министри Мустафа Кидибаев, Жогорку Кеңеш депутаты Жангороз Каныметов жана башка расмий адамдар атайын ат арытып барып катышышты жана сөз сүйлөштү. Алар бул окшош типтеги ар бири 190 орундуу имараттар Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги тарабынан сапаттуу курулгандыгы, убада кылынган 1-сентябрдан кечигип бүткөрүлгөндүгү жолдун алыстыгына байланыштуу болгондугу, билим министрлиги ар бир мектепти жүздөн парта, эки жүздөн орундук, ондон доска менен камсыз кыгандыгы, алдыңкы үлгүдөгү жасалгалоо иштери жегиликтүү бийликтердин жардамдары жана көрсөтмөлөрү менен ишке ашырылганы айтылды.