Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Янукович шайлоонун адилет өтөөрүнө ишенбей турганын айтты


22-декабрда Украинада – байкоочулар каттоодон өтө турган акыркы күн. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда буга чейин 12 271 эларалык байкоочу катталды. Президенттикке талапкер Виктор Янукович болсо 21-декабрдын кечинде телекөрсөтүү аркылуу шайлоочуларга кайрылды. Анын айтымында ушул жекшембиде өтө турган шайлоону акыйкат болот деп айтууга негиз жок. Анткени Януковичтин пикиринде шайлоо мыйзамдарына парламент киргизген өзгөртүүлөр жана кошумчалар миллиондогон адамдардын шайлоого катышуусуна тоскоол болушу ыктымал. Премьер-министр ал өзгөртүүлөргө ылайык үйүнөн алыста жүргөн шайлоочулар добуш бере албастыгын олуттуу кемчилик катары баалады. 21-ноябрда өткөн шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары дал ушул үйүнөн алыста жүргөн шайлоочулардын атына жамынып бурмаланган деп жогорку сот тарабынан жокко чыгарылган жана шайлоонун экинчи туру ошол себептен кайра өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG