Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Жаштар бийликтин кол баласы болууга каршы


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаштар менен студенттердин коомдук уюмдары Ак үйдүн жетинчи кабатындагылардын көрсөтмөсү менен керек учурда гана түзүлөт. Мындай билдирүүнү 29-декабрда жаштардын «Жаңы Кыргызстан», «Жаңы кылым» жана «Алико» аттуу бейөкмөт уюмдардын жетекчилери Алмаз Кожомкулов, Чынара Айтбаева жана Алишер Мамасалиев АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жасашты. Алардын айтымында, жаштар шайлоо маалында бир жерден экинчи жерге айдап, каалаган добушун алса боло тургандай жеңил башкарылуучу куралга айланды. Ушундан улам жаштардын 5 бейөкмөт уюму жаштар өз укук-милдеттерин билип, аны коргой алар тургандай деңгээлге жетишүү үчүн жаштардын аң-сезимин көтөрүү кыймылын баштоо чечимине келишкен. Алардын билдирүүсү боюнча, Грузиядагы жаштардын «Кмара», Украинадагылардын «Пора» деген уюмдарынан Кыргызстандагы жаштар уюмдары кем калышпайт. Бирок, Кыргызстандагы жаштардын уюмдары коомдогу өзгөрүүлөргө революция жолу менен эмес аң-сезимди өстүрүү жолу менен жетишүүнү каалайт.

XS
SM
MD
LG