ЭТАнын мындай билдирүүсү бүгүн баск жикчилеринин "Гара" деп аталган гезитинде жарыяланды. Бирок билдирүүдө испан өкмөтү талап кылып жүргөндөй ЭТАны сүйлөшүүгө чейин куралсыздануусу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Испаниянын түндүгү менен Франциянын түштүк-батышында басктардын көз карандысыз мамлекетин түзүүнүн көздөгөн ЭТА уюмунун 1968-жылдан берки куралдуу аракеттери менен жардырууларынан 800дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Испания, АКШ, Евробиримдик ЭТАны террорчул уюмдардын тизмесине киргизген.