Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

АЙРЫМ САЯСАТЧЫЛАР СТАТС–СЕКРЕТАР КОРРУПЦИЯНЫН ТАМЫРЫН КЫРКА АЛБАЙТ ДЕШЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик ырасташынча, Кыргызстандын кадр тандоо саясатындагы коррупцияга бөгөт коюуга алгачкы кадамдар ташталды. Ушул аптада статс-секретарларды кызматка алуу башталды. Бирок айрым байкоочулар административдик реформанын бул багытынан майнап чыкпайт деп санашат.

Ушул күндөрү беш министрликке статс- секретарларды тандоого конкурс жарыяланды. Ага баш-аягы 34 адам катышып жатат. Статс-секретар министрдин биринчи орун басары деңгээлинде туруп, дал ошондой айлык алат. Бирок конкурстан тандалып алгандан кийин жетекчиликтин алмашканына жана башка жагдайларга карабастан ал туруктуу иштейт деген кепилдик берилүүдө. Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директору Акылбек Жумабаевдин айтымында, статс-секретарлардын көз карандысыздыгы жана эч нерседен чочулабай акниет иштешине мыйзамдык база түзүлдү:

- Аларды жада калса премьер- министр да жумуштан ала албайт. Эгер министр же өкмөт башчы тарабынан ушундай сунуш түшсө, анда президенттин жарлыгы менен түзүлгөн кеңеш карап көрөт. Статс- секретар керек болсо пенсияга чыккчыа деле иштей бериши мүмкүн. Анын даражасы министрдин биринчи орун басары деңгээлинде болот.

Акылбек Жумабаевдин айтымында, мындан кийин министр, губернатор, аким өңдүү саясий кызматтардан бөлөк бардык административдик орундарга кадрлар жалаң конкурс аркылуу гана алынат.

Акылбек Жумабаевдин пикиринде, бул реформанын жыйынтыгы катары келечекте Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде кадрдык сапат бир кыйла жогорулап, өң-тааныш менен кызматка келүү таптакыр жоюлат. Бирок, кыргыз коомчулугунда мындай ойго кошулбагандар да бар.

Экс-министр Ишенгүл Болжурова кыргыз бийлиги административдик реформа деген ат менен он жылдан бери жүргүзүп келаткан иш-чаралар эч бир майнап берген жок деген ойдо. Ал эми жаңы түзүлгөн мамлекеттик кызмат боюнча агенттик, статс - секретарлар анча деле жаңылык алып келбейт деген пикирде:

-Бул агенттик бүтүндөй мамлекеттик кызматка келчүлөрдү өзү аркылуу өткөрөт. Ал эми статс- секретарлар бул кадрдык саясатка кийлигише аларына көзүм жетпейт. Ошондой эле мекеменин финансылык иштерине деле таасир эте албайт. Кызматка өйдөдөн түшкөн буйрукта айтылган адамдар гана алынат, коррупция жана трайбализм ошол бойдон калат.

Айрым байкоочулар бул агенттик «садагага чабылган сары улак» болуп калышы ыктымал деген божомол айтышууда. Жогорку Кеңештин атын атагысы келбеген депутаты президенттик администрация коррупция 7- кабатка чыкты деген жаманатты сөздөрдү, мамлекеттик кадр саясатына карата айтылып жүргөн дооматтарды жана башка өңүттөгү айыптарды өзүнөн четтетиш үчүн ушундай агентик түздү деген ою менен бөлүштү. Депутат статс-секретар деген кызматтын коррупцияга каршы күрөшкө эч бир тиешеси жок деген ойдо.

XS
SM
MD
LG