Ирактагы "Ансар ал-Сунна" аттуу куралдуу топ бүгүн интернет аркылуу жарыя жасап, январдын башында колго түшкөн Улуттук гвардиянын 15 жоокерин атып өлтүргөнү тууралуу билдирди. Кечээ күнү Ирактын Юсифия шаарында өтүп жаткан үйлөнүү тоюнда бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден 11 адам курман болгон. Багдад шаарындагы мечиттин жанында бир машине жарылып кеткенден 14 киши набыт кетти. Башка кагылышууларда жума күнү бир америкалык жана бир италиялык аскер окко учту.