Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:16

АКШ менен Германия Иранга карата саясатты талкуулашты


Майнц шаарында АКШнын президенти Жорж Буш канцлер Герхард Шрөдер менен жолугушту. Буш Германиянын Иракка чектелүү салым кошуп жатканын түшүнөөрүн бышыктады. Германия Ирактын АКШ баштаган оккупациясына каршы чыккан эле.

– Мен Германиянын кошуп жаткан кошумчасына рахмат айткым келет. Мен немистердин жардамы чектелүү болуп жатканын толук түшүнөм, - деди Буш.

Буш ошондой эле Ирандын ядролук программасына байланыштуу АУДИО нц 022349, "Ирандын ядролук куралы болбошу керек. Бул көз карашты Германия, Франция, Британия жана Кошмо Штаттары тең бөлүшөт" деди.

Америкалык президент кечээ Брюсселде болду, эртең ал Братиславада Орусиянын президенти менен жолугушууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG