Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

КУЛОВДУН СОТУ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


7-апрелде Жогорку сотто Феликс Куловго Чүй облусу менен Бишкек шаарын башкарып турган кезинде ири өлчөмдө акча уурдаган, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы тууралуу кылмыш ишин кайра кароо улантылды. Буга чейин Жогорку сот Ф.Кулов коопсуздук министрлигин жетектеп турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген айыпты жокко чыгарып, анын аракетинде кылмыш белгиси жок деп тапкан.

Феликс Кулов ири суммадагы акча уурдап, четтен келген гуманитардык жардамды максатсыз пайдаланып, Чүй облусу менен Бишкек шаарына опсуз чоң зыян келтирген деп айыпталынып башкалаанын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен 2001-жылдын 8-майында 10 жылга эркинен ажыратылган.

Район сот өкүмү 2002-жылдын 11-октябрында күчүндө калтырылып, анын мыйзамдуулугу 2003-жылдын 15-августунда Жогорку сот тарабынан да ырасталган.

Коюлган айыптардын урунттуусу Ф.Кулов Чүй облусун башкарып турган кезинде 1996-жылы «Түндүк» көчмө-курулуш колоннасынын жетекчиси А.Гасанов менен биргелешип Бишкектин жанындагы «Көкжар» айылында үйлөр салып, ага облус бюджетинен үч жарым миллионго жакын сом жумшаганы көрсөтүлгөн.

Экинчи айып, Бишкек шаар башчысы кезинде башкалаага 500 тонна гуманитардык жардамдын 100 тоннадан ашуунун ошол эле А.Гасанов жетектеген шаар курулуш департаментине берип ийгени белгиленген. Ф.Кулов шаар башчысы кезинде бүтпөй турган көп кабат үйлөрдү Бишкек шаарынын эсебине алып, аны менен башкалаага 15 миллион ашуун зыян келтирген деп айып коюлган. Ф.Куловдун адвокаты Кыргызстандын жаңы Кылмыш кодексинде ири өлчөмдө башканын мүлкүн уурдоо тууралуу атайын берене жок, ошондуктан Ф.Куловду мыйамсыз соттошту деген пикирде.

- Куловдун аракетинде кандай кылмыш иши бар? Анын буйругун окугандан кийин бул суроого жооп таба албайсың. Фондго келген гуманитардык жардам ачык, баарына дайын бөлүштүрүлгөн. Кулов гумжардамды кантип, кимге берүү жөнүндө буйрук берген эмес.

Коюлган айыптардын дээрлик баары саясий кысымдын алдында жасалганын белгилей келип Ф.Кулов шаар тарткан зыян катары эсептелген 15 миллион ашуун сомдун чоо-жайына токтоло кетти.

- Силер өзүңөр деле уктуңар. Иштин сырын билдиңер го. Крымсултанов бүтө элек үйлөрдү кантип алганын айтты. Биздин адвокат кийин тактады. Айып коюш үчүн шашылыш шаар кеңешин чакыртышып, тезинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу чечим кабыл алдыртышкан. Иштин чоо-жайын жакшы түшүнбөй туруп кайсы мамлекет зыяндын ордун толтуруу үчүн чечим кабыл алат? Мени жаманатты кылуу амалында жасалган бул ишти шаар кеңеш депутаттары айтып беришет сурасаңар. Азыр кылмыш иши боюнча аларга менин эч кандай кинем жок. Бирок арбитраждык сот аркылуу шаар эсебинен төлөнүп берилген 15 миллион акчанын ордун табабыз, - дейт Ф.Кулов.

Ф.Куловгo кандай да болсо айып тагуу үчүн сот анын кылмыш ишин кароодо «Фрунзенец» курулуш кооперативине жоготкон пайдасынын ордун толтуруш үчүн деп 7 миллион сомдун ордуна 15 миллион ашуун сом акча төлөп берген. Арбитраждык сотто териштирилчү ишти кылмыш жоопкерчилигине сот залында кошо коюуну Ф.Кулов саясий кысым алдында жасалган деп эсептейт. А.Акаев тушунда териштирилген кылмыш иши кантип даярдалып, кимдердин колу менен айып коюлуп, жүзөгө ашырылганы эми аныкталып, жаңы ачылган жагдайга байланышкан кайрадан каралууда.

Ф.Куловдун сот ишин кайра кароо кийинки дүйшөмбүдө улантылат.

XS
SM
MD
LG