Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

ЖЕР ЭЭЛӨӨЧҮЛӨРГӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАР НААРАЗЫ


Азиза Турдуева, Бишкек. 10-апрелде түштөн кийин Бишкектин Алатоо аянтына Чүй өрөөнүндөгү Сокулук, Аламүдүн райондорунун жана Бишкек шаарынын тургундары келип, өкмөттөн жерди өз алдынча басып алууларды токтотууну талап кылышты. Алар менен президент милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев чыгып сүйлөшүп, талаптарын укту.

Аянтка чогулган миңге жакын адам өкмөттөн соңку үч кундөн бери Чүй өрөөнүндөгү Сокулук, Аламүдүн райондоруна караштуу бош жерлерди ээлеп алууларга бөгөт койууну талап кылышты. Алар өздөрүнүн көйгөйлөрүн төмөнкүдөй билдирип жатышты:

Күнтуу айылынан Бакыт Бейшенов:

-Биз өзүбүздүн үлүштөрүбузгө эгин эгип, канчалаган каражаттарыбызды жумшадык эле. Алардын баарына талоончулардай эле кирип келип, ээлеп алып атышат. Биз буга каршыбыз. Мындай мыйзамсыздыкка жол берилбеши керек. Өкмөттөн биз бир гана талап менен келдик – биздин жер улуштөрүбүздү ээлөөгө жол бербей, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылсын.


Гүлүмкан Калаева, Орок айыл өкмөтү:

-Канча жылдардан бери биздин ата-энелерибиз иштеп, бизге ушул үлүштөрүбүздү алып берген. Биз өзүздүн жерибизди коргоп, ушул жерге келип отурабыз. Эмне үчүн алар биздин жерибизди ээлеп алышы керек? Биздин балдарыбыз кайдан жер алат? Мындай башаламандык боло берсе, атуулдук согуш чыгып кетет. Муну бийликтегилер тез арада токтотушу керек.


Нааразы болуп келген Сокулук жана Аламүдүн райондорунун айрым тургундары мындай башаламандыктар атайын уюштурулуп жатат деген пикирлерин да айтып жатышты. Бул жөнүндө Бишкектин тургуну Кубат Мамбетов мындай дейт:

- Жер ээлеп алууну уюштургандар бар. Ал билинип эле турат. Акча, жер берилет экен деп, элди дурбөткөн адамдар – мурдагы чиновниктер, кечээ бийликтен тушкөндөр. Аларга каршы чаралар колдонулуш керек, - деди Кубат Мамбетов.

Аянтка чогулган эл ушундай нааразылыктарын билдирип жаткан учурда алар менен жолугушууга президент милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев келип, аларды талаптарын угуп, сөз сүйлөдү:

-Ким жер үлүшүн алса, ал анын жеке менчиги. Эч кимдин ага кол салууга укугу жок. Мен жоопкерчилигим менен, жеке менчик эч кимге ээлеп алууга берилбейт. Мындай иштерди уюштурган жана аларды жасаган адамдар жоопкерчиликке тартылат, - деген Курманбек Бакиев ошону менен бирге:


-Азыр түндүк менен туштүктүн, бул жерде жашган башка облустардын тургундарын бири-бирине кайраштырып, кан төгүлсүн деген максатты көздөгөн уюшулган күчтөр бар. Ошондуктан, мен сиздерди сабырдуулукка чакырам. Эч кандай ээлеп алууларга биз жол бербейбиз!, - деп билдирди Курманбек Бакиев.

Анын мындай сөзүн Сокулук районунун Кызылтуу айыл өкмөт башчысы Самарбек Күчүков да колдоп, тез арада жерлерди ээлеп алууларга бөгөт койуу чараларын көрүүнү өтүндү:

-Сиз туура айтып жатасыз, Курманбек Салиевич! Бул жерде мындай иштерди уюштуруп жаткан идеологдор бар. Аларга эл ээрчип, мыйзам бузууларга барып жатат. Биз сизден тез арада, мүмкүн болсо, бүгүн мындай жапайы көрүнүштөргө бөгөт койуу үчүн кескин чараларды корүүңүздү өтүнөбүз, - деди Самарбек Күчүков.

Ал эми вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсенов да өз алдынча жерлерди ээлеп алууга жол берилбейт деп билдирди:

- Бүгүн мен, Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Мирослав Ниязов жана башкаларыбыз Курманбек Салиевичтин тапшырмасы боюнча жер ээлеп алуулар орун алып жаткан райондордо болуп, эл менен кезигип келдик. Алардын талаптарын уктук, өкмөттүн позициясын түшүндүрдүк. Турак-жайсыз атуулдарга жеңилдетилген кредиттерди берүү, паспортторун каттоого тургузуу сыяктуу маселелерди чечүү маселелерин талкуулап атабыз, деп билдирдик. Эл бизди түшүндү, тарай башташты. Биз жерди өз алдынча ээлеп алууга жол бербейбиз!, -деди Данияр Үсөнов.

Алатоо аянтына чогулган Сокулук, Аламүдүн райондорунун эли президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге тез арада Чүй өрөөнүндөгү жерди өз алдынча ээлеп алууларды токтотууну талап кылган кайрылуусун тапшырышты.
Ал эми Чүй облустук мамлекеттик каттоонун башчысы Эсенбол Татан уулу жер ээлөө менен алектенип мыйзам бузууга баргандар сот жообуна тартылышы керек деген пикирин «Азаттыка» мындайча билдирди:


- 2004-жылы Кыргызстандын Кылмыш koдексине өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген. Ошондо жер мыйзамын бузгандарга беш жылга чейин эркинен ажыратуу чара көрүү да киргизилген. Менимче, өкмөт азыр жер ээлөө менен мыйзам бузуугуа баргандарга карата ушундай чара көрө башташы керек.

XS
SM
MD
LG