Ушул аптада Норвегиянын башкалаасы Ослодо өткөн конференцияда Суданга ири суммадагы жардам көрсөтүү убада кылынды, дымактуу пландар белгиленди, эми алардын канчасы аткарылаар экен? Эксперттер жыйында АКШ баштаган чет элдик донорлор 21 жылдык согуштан жабыр тарткан судандыктарга 4 жарым млрд. доллардай жардам убада кылганын ушундай суроо коюп талдоодо.
Ослодогу жыйында эл аралык уюмдар, башкы донор мамлекеттер бул каражатты Суданга 3 жыл ичинде бөлүштүрүүнү макулдашышты. Байкоочулар бирок Азиядагы цунами, же океан ташкынынан жапа чеккен өлкөлөргө олуттуу жардам көрсөтүлүп, эл аралык кайрымдуулук капчыгы өксүй түшкөнүн эске алуу менен жана буга чейин донорлор убада кылган долбоорлордун тарыхына көз чаптырып чыгып, Судан бул жардамдын бир бөлүгүн гана акчалай турдө алышы мүмкүн деп ишеничтүү түрдө билдиришти.
Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан эл аралык жыйынга чогулгандардын көңүлүн дал ушул жагдайга буруп, донорлор убада кылынган жардамды бербей создуктурса, Судандагы кырдаал жакында оңолбойт деп белгиледи.
-Дээрлик отуз жылдан бери бул мезгилдин жарымы ал жердеги чатакты жөнгө салуу аракеттери кайра согушка алып келип, соңку беш жыл жалаң жаатташкан тараптарды тынчтык келишимине кол койдуруу аракетине арналды. Азыр биз Судандагы согуштун кесепеттерин жоюу аракетинде чогулдук, ошондуктан бул жерде айтылган бардык убадалар толук аткарылышы зарыл - деди Аннан.
"Нью-Йорк таймс" гезити жарыялаган интервьюсунда Улуттар уюмунун баш катчысы Судандагы кырдаалды 1990-жылдардын башындагы Камбоджага салыштырып, донорлор кийин бул өлкөнү калыбына келтирүү иштерине 880 млн. доллар пландаштырып, иш жүзүндө анын жарымын гана төлөп бергенин кошумчалай кеткен.
Эл аралык уюмдар билдиргендей, 2003-жылы Бам шаарында күчтүү жер титирөөдөн бир нече миң адам курман болуп, айыл-кыштактар жер менен жексен болгон Иранга андан берки 16 ай убакыт ичинде чет элдик уюмдар менен мамлекеттер убада кылган жардамдын 20%ын гана которушкан.
Суданда 21 жылга созулган уруштар өлкө калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн африкалыктар менен арапча сүйлөгөн мусулман калкы ортосундагы кыргынга айланып, 2 миллиондой адам набыт кетип, дагы 4 миллиондой киши үй-жайсыз калды.
Дүйнөлүк банктын эсебинде, Судандагы социалдык-экономикалык абалды калыбына келтирүү иштерине кеминде 8 млрд. долларлык каражат талап кылынат, чет элдик жардамдан башка акчанын баары өлкөнүн мунай кендерин иштетүүдөн түшкөн каражаттан алынмакчы.
Эксперттер андан тышкары Судандын экономикасы донорлор көрсөтчү жардамды кабыл алып, туура сарптап-иштетүүгө кудурети жетеби деген маселеге да көңүл бурууда. Алар эгерде жакын арада Судан өкмөтү калкка керектүү азык-түлүк, буюмдарды өндүрүп, кызмат көрсөтүү жагын колго албаса, чет жактан канчалык ири жардам көрсөтүлгөн күндө да, элдин чекесин жылыта албайт деп эскертүүдө.