Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:27

Ливанга оппозициянын лидери Мишел Аун кайтып келди


Ал он беш жыл Францияда сүргүндө жүрдү, быйыл апрелде Сирия аскерлерин Ливандан чыгарып кеткен соң гана мекенине кайтууну чечти. Аун өлкөдөгү христиан жамаатынын мүчөсү, учурунда Ливандын премьер-министри болуп турганда Сириялык аскерлердин өлкөдөн чыгарылышын талап кылып, мунусу үчүн куугунтук жеген жана акыры өлкөдөн чыгып кеткенге аргасыз болгон. Мишел Аун эми ушул айдын этегинде боло турган шайлоодо президенттикке талапкерлигин көрсөтүшү да мүмкүн.
XS
SM
MD
LG