Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

ТООЛУУ КАРАБАХТА ӨТКӨН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ӨКМӨТЧҮЛ КҮЧТӨР ЖЕҢДИ


Замира Кожобаева, Прага Өткөн жекшемби күнү Тоолуу Карабах республикасында парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо аймактын Азербайжандан бөлүнүп чыккан мезгилинен берки болгон 4-шайлоо. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы азыркы бийлик парламентте басымдуу орунга жетишкендигин көрсөттү. Ал эми оппозициця өкүлдөрү шайлоонун акыйкатсыз өткөндүгүн айтышып, жаңы парламентке ишеним көрсөтпөөгө чакырып жатышат.

22-июнда Тоолуу Карабхтын Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн жекшембиде болгон парламенттик шайлоодо президент Аркадий Гукасянга таандык делген “Арцах” демократиялык партиясы парламенттеги 33 орундун он экисине жетишкендигин маалымдады. Ушул эле маалыматтар боюнча “Азат Хайреник” биримдик кыймылы 10 орунга жетишкен. Калган 8 орунга эч бир кыймыл, биримдикке кирбеген талапкерлер ээ болушту. Бирок алар дагы президенттин кыймылына жакын талапкерлер деген пикирлер айтылууда. Натыйжада оппозицияга болгону үч эле орун калган. Бул коомчулуктун таң калтыруусун туудурду. Анткени Тоолуу Карабахтын көпчүлүк эли армяндардын “Дашнактутун” революциялык федерациясы менен “Кыймыл-88” деп аталган партиялар кирген оппозициялык блок жеңишке жетишет деп күтүп жаткан болчу.

“Кыймыл-88” партиясынын лидери Джема Багдазариан дүйшөмбү күнү бийликти шайлоо бюллетендерин өз пайдасына эсептеди деп сүйлөгөн:

-Менин көз карашымд, бул жерде адилет жана айдан ачык мыйзам бузуулар болду.

Оппозиция жаңы парламентке бойкот жарыялашы мүмкүн. Ошондой эле мурдагы шайлоодо 8 орунга жетишкен “Дашнактутун” уюмунун жетекчиси Армен Саркисян да шайлоо калыс өтпөгөндүгүн айтты. Анын сөзү боюнча, Гукасяндын өкмөтүнө каршы оппозиция Конституциялык жол мен күрөш жүргүзөт. Бирок шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, кандайдыр бир акцияларга чыкпайт:

-Биздин шайлоо блогубуз өз программасын коргоону уланта берет. Жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо үчүн бар салымын кошот.

Саркисян агартуу министри болуп иштеп жаткан кызматынан былтыр бошотулган. Анын кызматтан кетүүсү менен “Дашнактутун” уюму менен Гукасяндын администрациясынын ортосунда кызматташуу токтогон.

Ал эми Тоолуу карабахтын өкмөтү базар күнкү шайлоо калыс өттү деп билдирүүдө.

ЕККУ Тоолуу Карабахты эгемен өлкө катары тааный элек жана шайлоонун жүрүшүнө да байкоо салган жок. Бирок бир катар менчик уюмдар менен Батыштын укук коргоо топтору шайлоого өз байкоочуларын жиберишкен. Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик думасынан бир топ депутаттар келишти. Орусия парламентинин мүчөсү Константин Затуллин шайлоо калыс жана адилет өттү деп айтты. Андан тышкары бир катар Батыштык байкоочулар да жалпысынан шайлоо калыс өттү деп айтып атышат.

Армениянын ТИМи добуш берүүнү Тоолуу Карабахтагы демократиялык институттардын биригүүсү багытындагы жана салтын бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду деп эсептейт.

Бирок Армениядан башка жакта жашаган жана Тоолуу Карабахтын өзүнүн көпчүлүк тургундары мындай пикирлерге макул эмес. Бакуда негизделген “Реалдуу Азербайжан” интернет басылмасынын башкы редактору Энулло Фатуллаев бул шайлоодон оппозициянын мындай жоготуусун күтпөгөндүгүн айтты:

-Шайлоонун мындай жыйынтыгы мен үчүн аябай күтүүсүз болду. Анткени мен оппозиция лидерлери жана шайлоочулар менен жолугуп сүйлөшкөндөн кийин башкача, оппозиция бир топ чоң жетишкендикке жетет деп күтүп жаткан элем. Мен “Кыймыл-88” партиясы элге таанымал партия катары парламентте көпчүлүк орунга жетет деп ишенгем. Ал эми мен билгенден айрым шайлоо аймактарында олутуу мыйзам бузуулар жана көз боемочулуктар болгон.

Ал эми расмий Баку дагы деле Тоолуу Карабахты өзүнүн аймагы деп таанырын айтып, шайлоону мыйзамсыз деп атады. Шейшемби күнү Азербайжан бийлиги бул шайлоонун болгону - ЕККУ каржылоосу менен Армения жана Азербайжандын ортосунда Тоолуу Карабах тууралуу жүрүп жаткан сүйлөшүүгө жолтоо болот деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG